Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Жолчулар Балыкчы-Корумду жолу боюнча түшүндүрмө берди


Транспорт жана жолдор министрлиги Балыкчы – Корумду трассасынын былтыр жаңы салынган аймагы кайрадан оңдолуп жатат деген маалымат тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Министрликтин алдындагы Жол чарба департаментинин бөлүм башчысы Акыл Мусабаев трассанын эски, мурда оңдолбогон аймагында иш жүрүп жатканын белгиледи.

- Асфальт кырылган жок, эскисин эле алып жатат. Былтыр Көчмөндөр оюнуна деп 61 чакырым бүтүрүшүбүз керек эле. Бирок каражатка, аба ырайына байланыштуу болгону 25 чакырымын гана салганбыз. Ал бир эле катмар болчу. Эми ошонун экинчи катмары төшөлүп жатат.

Мурдараак Көчмөндөр оюндарынын алдында 30-40 метр жерге жаңы төшөлгөн асфальт кырылып, жол кайрадан оңдолуп жатканын социалдык тармактарда жазышкан.

104 чакырымга созулган Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 7 миллиардга жакын сом бөлүнгөн. Транспорт министрлиги өткөргөн тендерде жол куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы уткан. Буга чейин “Азаттык” аталган жолдун курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча “Жолдон жонулган жашылдар” аттуу теле иликтөө даярдаган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG