Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Айсулуу Тыныбекова Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду


Азербайжанда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова алтын байге алды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 21-май күнү Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Бул салмакта үч өлкөнүн күрөшчү кыздары айлампа тартибинде таймашты.

Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешинде түркиялык Дерия Байханды 10:0 эсебинде утту. Финалда азербайжандык Алёна Колесник менен таймашып, 5:2 эсебинде жеңип алтын медал тагынды.

Ал эми Кыргызстандан бул таймаштарга катышкан Айпери Медет кызы (75 кг.) коло медалдын ээси болду.

IV Ислам шериктештиги оюндарында азырынча Кыргызстандын эсебине төрт алтын, төрт күмүш, сегиз коло медал чогулду. Жалпы 16 байге менен медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 10-катарда бара жатат.

12-майда башталган IV Ислам шериктештиги оюндары бүгүн, 22-майда аяктайт. Ага 54 мамлекеттен 3000ге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун 23 түрүнөн 269 топтом медал үчүн таймашууда. Кыргызстандан спорттун 11 түрүнөн 68 спортчу күч сынашууга барган.

Бүгүн, 22-майда акыркы мелдеш күнүндө кыргыз спортчуларынан Ушу саньшоу боюнча мелдештерде Туратбек Сулайманкул уулу 48 килограммга чейинки салмакта алтын байге үчүн таймашат.

Айсулуу Тыныбекова ушуну менен бир айдын ичинде экинчи жолу эл аралык мелдеште жеңүүчү болуп жатат. 13-май күнү Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын байгенин ээси болуп, экинчи жылы катары менен Азия чемпиону наамын жеңип алган. (ECh)

XS
SM
MD
LG