Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:59

Чоң-Талаада үй курууга тыюу салынышына нааразылык айтылууда


Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы.
Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймакта жайгашкан Чоң-Талаа айылынын тургундары үй курууга уруксат берилбей жатканына нааразылык билдирип жатышат.

Айыл башчысы Асан Жороевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, кыштакта буга чейин 136 үй-бүлөгө үй-жай үчүн чек берилген. Бүгүнкү күндө алардын жарымы көчүүгө тийиш болчу. Бирок чек арага 300 метрден жакын жайгашкан жерге турак жай салууга болбойт деген жүйө менен 50дөн ашык үй-бүлө жер тилкесин ала элек:

- 2013-жылы чек арага жакын жерден 27 гектар жер үй-жайга берилип, эми ал эки өлкөнүн 2008-жылы “Чек арага жакын жерлерде курулушту жүргүзбөө” келишимине ылайык токтотулуп жатат. Башка жакта жер жок.

Айылдыктар жер маселесин чечүү өтүнүчү менен акыйкатчыга, укук коргоочуларга жана бийлик өкүлдөрүнө да кайрылышкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG