Күндүн жылышы жана нөшөргө байланыштуу Кыргызстандагы дарыяларда суу көбөйүп, ташкындоо коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай жагдай өлкө аймагындагы дээрлик бардык дарыя-каналдарда байкалган. 18-19-май күндөрү тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар.
Министрлик жарандарга табият кырсыгынан сактанууну эскертүүдө. (SE)