Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору экинчи окууда колдоо тапты


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жалпы жыйынында “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. Үчүнчү фаза" долбоорун каржылоо жөнүндөгү макулдашуу каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. "Электрстанциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору Таалайбек Толубаевдин жыйында билдиргенине караганда, Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үч фазадан турат. Ушу тапта анын биринчи жана экинчи фазасы Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырылууда. Ал эми үчүнчү фазада калган эки турбоагрегатты алмаштыруу каралган. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 60 МВтка чейин жогорулатылат, ага болжол менен 175 млн доллар талап кылынат.

Толубаевдин айтымында, жалпы оңдоо иштерине 1,7 млрд доллар жумшалган, анын 1,3 млрд доллары гранттык каражат болуп саналат. Ал эми Токтогул ГЭСинин үчүнчү фазасы үчүн баш-аягы 480 миллиондой доллар сарпталат. Үч фазаны тең реабилитациялоо иштерин 2023-жылы бүткөрүү мерчемделүүдө.

Токтогул ГЭСи 1975-жылы пайдаланууга берилген. Станциянын кубаттуулугу 1200 МВт жана Кыргызстандагы электрэнергиянын 40 пайызын өндүрөт. Анын шаймандары эскирип калгандыктан, толугу менен алмаштырууга муктаж. (NT)

XS
SM
MD
LG