Америкалык медиа кабарлагандай, президент Дональд Трамп Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен өткөн аптада жолукканда өтө жашыруун маалыматты ачыкка чыгаруу менен “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму тууралуу чалгын маалыматтардын булагына потенциалдуу коркунуч келтирген.
“Вашингтон Пост” гезитинде, Рейтер агенттигинде жана башка маалымат каражаттарында айтылган бул айыптоону Ак үй жана Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон дароо эле төгүндөп, Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер аларды “жалган” деп сыпаттады.
Бирок Конгресстеги демократтар, республикачылардын айрымдары да жашыруун делген маалыматтын ачыкка чыгуусун айыптап, аны “кооптондурарлык”, “коркунучтуу”, “акылсыздык” деп аташты.
Америкалык медианын ысымы айтылбаган расмий өкүлдөргө шилтеме жасап жазганына караганда, президент Трамп орус тышкы иштер министри Сергей Лавров, Орусиянын Вашингтондогу элчиси Сергей Кисляк менен 10-майдагы кездешүүсүндө АКШ өнөктөш өлкө берген маалыматты ачыктаган.
Америкалык медиа өз кабарларында белгилегендей, өнөктөш өлкө Вашингтонго ал чалгын маалыматтарын Орусия менен бөлүшүүгө уруксат берген эмес.
Ал эми президент Трамптын мындай кадамга барышы, америкалык медиа шилтеме жасаган булактардын айтымында, “Ислам мамлекети” тобунун ички иштерин биле алган өнөктөш өлкөлөр менен АКШнын кызматташтыгын коркунучка кептейт. (UE)