Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков "Азаттык" радиосуна билдирди.
Анын айтымында, шаардык милициянын тергөө бөлүмү Кылмыш кодексинин 142-беренесинин 2-пунктуна (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу, техникалык коопсуздукту сактабоо) ылайык кылмыш ишин козгоду. Кулаган каруселди ижарага берген адам жана Навои эс алуу багынын жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүү, тактоо иштери жүрүп жатат.
14-майда кечки саат бештерде Навои эс алуу багында карусель кулап, расмий кабарга ылайык, сегиз киши жабыркады. Анын төртөө ооруканада, алардын бири реанимацияда жатат. Калганына медициналык жардам берилип, үйлөрүнө чыгарылган. (NT)