Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

БШК “Маалыматтык шайлоо системасы тууралуу” жобону бекитти


Борбордук шайлоо комиссиясы 13-майдагы жыйынында “Маалыматтык шайлоо системасы” тууралуу жобону бекитти. Анда электрондук эсептөө урналары, добуштарды саноо, ирээттөө, маалыматтарды сактоо жана ага жооптууларды аныктоо өңдүү жагдайлар камтылган. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындан ары добуштарды саноо, маалымат чогултуу ирээтке салынып, шайлоонун ачык-айкындуулугунан күмөн саноо азаярын белгиледи.

- Маалыматтык шайлоо системасын колдонуу, добуш берүүнүн жыйынтыгын чогултуу боюнча автоматташтырылган система, маалыматты борборлоштурулган серверге чогултуу биринчи жолу нормативдик-укуктук тартипке салынып жатат. Бул өтө маанилүү. Бул жободон кийин шайлоочулардын добушун саноонун автоматтык системасынын иши коомчулукка көбүрөөк ачык-айкын болот.

Былтыр күзүндө рефрендум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоодо алгачкы жолу электрондук үкөктөр колдонулган. “Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган тутуму үзгүлтүккө учурап, электрондук эсептөө урналарынын иштебей калган учурлары катталган. Мындан улам БШКнын борборлоштурулган серверинде добуш берүүнүн жыйынытыгы бурмаланышы мүмкүн деген өңдүү күдүк ойлор да айтылган.

Кыргызстанда быйыл күзүндө президенттик шайлоо өтөт. Азырынча анын так күнү белгилене элек. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG