Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Пхеньян “ыңгайлуу шартта” Вашингтон менен диалогго барууга даяр


Түндүк Корея
Түндүк Корея

Пхеньян ыңгайлуу шарт болсо Вашингтон менен диалогго барууга даяр.

Бул тууралуу Түштүк Кореянын маалымат каражаттары Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин АКШ иштери боюнча департаментинин башчысы Чхве Сон Хиге шилтеме кылып жазып чыгышты.

Сеулдагы дипломатиялык булактар Ослодо Чхве Сон Хи New America илимий-изилдөө борборунун башчысы Сьюзан Димаггио башында турган америкалык эксперттер менен жолукканын ырасташууда. Мындан сырткары АКШ тараптан БУУдагы мурдагы өкүл жана Орусиядагы мурдагы элчи Томас Пикеринг менен Мамлекеттик департаменттин мурдагы атайын кеңешчиси Роберт Айнхор катышкан. Жолугушууда эмне маселе сүйлөшүлгөнү айтылган жок.

7-майда Түндүк Корея мамлекетке каршы иш жүргүздү деген шек менен дагы бир америкалык жаранды кармаган. Пхеньяндын илим жана технология университетинде иштеген Ким Хак Сонг 6-майда кармалганын жана учурда иликтөө жүрүп жатканын Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги кабарлаган. Учурда Ким Хак Сонгдон башка дагы үч АКШ жараны Түндүк Кореянын камактарында жатат. Алардын акыркысы апрель айында кармалган.

Бул камоолор Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык сыноолору боюнча Пхеньян менен Вашингтондун ортосунда чыңалуу күчөп жаткан учурга туш келди.(КЕ)

XS
SM
MD
LG