Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Өкмөттүн "kattar.kg" порталы бузулду


Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, «kattar.kg» сайтынын иши 8-майда үзгүлтүккө учураган. Адистер аны оңдой албай койгондуктан, порталды иштеп чыккан мамлекеттик "Инфо-Система" башкармалыгына кайрылышкан.

Аталган мекеме сайтка хакердик чабуул жасалганын жана анын маалымат базалары өчүрүлгөн болушу мүмкүндүгүн кабарлаган. Порталды бузуу программалык камсыздоо аркылуу жүргүзүлгөн эмес деген божомол бар.
10-майдан тарта сайтты кайра иштетүү аракеттери көрүлүүдө.

Өкмөттүн “Gov.kg” жана “kattar.kg” сайттары бар. Биринчисинде күнүмдүк иштер, түзүмдөр тууралуу маалыматтар жайгаштырылса, экинчиси аркылуу жарандар электрондук каттар менен өкмөткө кайрылып турушат. (NT)

XS
SM
MD
LG