Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табууда


Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте жол коопсуздугуна арналып өткөрүлгөн талкууда айтылды.

"Эгерде бул санды бир жылга бөлсөк, анда күн сайын жолдо 2-3 адам каза болууда" дешет адистер.

8-14-майда Бириккен Улуттар Уюму "Өмүрдү сакта: ылдамдыкты азайт" деген ураан менен жумалык өткөрүп жатат.

Бүгүнкү талкууда айтылгандай, ар бир экинчи айдоочу ылдамдык эрежелерин сактабайт, ар бир үчүнчү жол кырсыгы мына ушунун айынан чыгат.

БУУнун глобалдык жумалыгын "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмеси Кыргызстанда быйыл үчүнчү жолу уюштурууда. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG