Бул тууралуу 9-майда Евробиримдиктин өкүлү Федерика Могерини БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Анын сөзү боюнча, чечим чыгыштагы өнөктөштөрдү колдоо алкагында кабыл алынат.
Апрелдин башында Евробиримдик Украина менен визасыз режим киргизүүнү колдогон. Айдын аягында Евробиримдик кеңеши бул чечимди жактырган. Келишимге 17-майда Страсбургда кол коюлары күтүлүүдө.
Ошондон тарта Украинанын биометрикалык паспортко ээ жарандары Евробиримдик өлкөлөрүндө жарым жыл сайын 90 күнгө чейин жүрө алышат.
Евробиримдик менен визасыз режимге 28-марттан тарта Грузия кирген.