Бишкек милициясы кафеде ок атылганы боюнча окуяны териштирүүдө. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморовдун "Азаттык" радиосуна кабарлашынча, окуя 9-майга караган түнү Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеде болгон:
- Ыкчам тергөө тобу барганда жаш балдар кафеде отуруп мушташа кеткенин, алардын бири газ-травматикалык тапанчадан ок чыгарганын аныктаган. Мушташкан алты баланын төртөө доктурларга көрүнүүдө.
Оморовдун айтымында, оор жараат алгандар жок. Кылмыш иш козголо элек, мушташкан тараптар бири-бирине каршы арыз жазды, эч ким кармала элек. (RK)