Жалал-Абад шаарынын жети жаштагы тургуну Нурмухамед легендарлуу Брюс Линин өзгөчө ыкмаларын туурап аткарып, Орусиянын Биринчи телеканалынын өзгөчө өнөрлүү балдарга арналган “Лучше всех” теледолбоорунун каарманы болуп келди. Кичинекей спортчу каратэ-до менен машыгат.