Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Азербайжанда сот интернет сайттарды жабуу маселесин кароодо


Көз карандысыз беш медианын, анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азери кызматынын интернет баракчаларын жабуу боюнча өкмөттүн арызын кароону Бакунун соту бүгүн кайра жандандырды.

Сотко Азербайжандын Транспорт, коммуникация жана жогорку технология министрлиги алдындагы Электрондук коопсуздук борбору кайрылган.

Аталган мекеме Азербайжандын Башкы прокуратурасынын көрсөтмөсүнүн негизинде беш интернет сайтты тосмолоо боюнча чараларды 27-марттан тарта көрүүдө.

Азери Башкы прокуратурасы "Азаттыктын" азери кызматынын, оппозициячыл "Азаттык" гезити менен "Майдан" телеканалынын жана Интернеттеги башка эки телепрограмманын сайттарын "улуттук коопсуздукка коркунуч туудургандар" катары кароодо.

Эгер сот өкмөттүн өтүнүчүн канааттандырса, Башкы прокуратуранын буйругун укуктук жактан бекемдеген болот.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Томас Кент азери бийликтеринин чарасын "эл аралык конвенцияларды сыйлабаган, көз карандысыз прессаны коркутууга гана багытталган, чектен чыккан цензура" аракети деп баалады.

Интернет сайттарды блокадалоо боюнча чаралар "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азери кызматы президент Илхам Алиевдин жана анын жакынкы чөйрөсүнүн каржылык ишмердиги боюнча иликтөөлөрдү жарыялагандан кийин көрүлүүдө.

Ал материалдар кеңсеси Сараеводо жайгашкан, Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору менен бирге даярдалган.

Азербайжанды 2003-жылдан бери башкарып келе жаткан Илхам Алиевдин бийлиги адам укугун коргоочу топтор жана Батыш өкмөттөрү тарабынан өзүнүн оппоненттерин куугунтуктап, жалган жалаа менен түрмөгө салганы үчүн такай сындалып жүрөт. (UE)

XS
SM
MD
LG