Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Жалал-Абад шаарынын мэри кызматтан кетти


Салайдин Авазов.
Салайдин Авазов.

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов бүгүн өз арызы менен кызматтан кетерин билдирди. Бул кадамын алдыда боло турган шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети менен түшүндүрдү.

Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарын 2014-жылдын сентябрь айынан бери башкарып келген.

Учурда шаардык кеңешке шайлоого жети партия ат салышууда. Алар КСДП, "Ата Журт", "Республика", “Өнүгүү-Прогресс”, "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана" Бүтүн Кыргызстан" партиялары. Буга чейин шайланып келген 7-чакырылыштын депутаттары бир пикирге келе албай, март айында өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алышкан. Анда шаардык кеңеш КСДП, "Ата Журт", "Республика-Ата Журт", “Өнүгүү-Прогресс” жана "Кыргызстан" фракцияларынан куралган болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG