Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Согуш ардагери Бакир Чодобаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат


Кыргызстанда эмгек сиңирген геолог, Экинчи дүйнөлүк согуш ардагерлеринин жана оорукта эмгектенгендердин бирикмесинин негиздөөчүсү Бакир Чодобаев көз жумду. Жакындары "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, ал 2-май күнү 93 жашында кайтыш болду.

Маркум илим жана техника тармагында мамлекеттик сыйлыктарды ээси. "Эмгек Кызыл Туу", "Эрдик үчүн", "Даңк" жана экинчи даражадагы "Манас" ордендерин алган.

Коштошуу зыйнаты бүгүн, 3-майда Бишкектеги үйүндө болот. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. (SE)

XS
SM
MD
LG