Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:08

АКШда Трамптын иммиграциялык саясатына каршы акциялар өттү


АКШнын бир катар шаарларында 1-майда президент Дональд Трамптын айрым чечимдерине, өзгөчө иммиграциялык кадамдарына каршы нааразылык акциясы өттү.

Орегон штатынын Портленд шаарында кара кийимчен адамдар кечке жуук шаар көчөлөрүндө от жагып, дүкөндөргө жана полициянын унааларына да кол салышты. Алардын үчөө кармалганы кабарланды.

Мындан тышкары Лос-Анжелесте да профсоюздар, иммигранттар жана жарандык активисттер марш өткөрүп, Трамптын иммиграциялык саясатына, өлкөгө мыйзамсыз киргендерди депортацияларын айтканына каршылыгын билдиришти.

Жарандык жана эмгек активисттери Трамптын иммиграциялык саясаты ириде аз акыга иштеп, укуктары корголбой келген катталбаган жумушчуларга тиерин айтышууда.

Эмгекчилердин эл аралык күнүнө байланыштуу Кошмо Штаттарынын башка да шаарларында нааразылык акциялары өттү.

XS
SM
MD
LG