Баткен облусунун Кадамжай районунда дайынсыз жоголгон кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Сырт айылынын 70 жаштагы тургуну 26-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан. Туугандары анын сөөгүн 1-майда Сох дарыясынын төмөн жагындагы көпүрөнүн астынан табышкан.