Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:53

Украина Януковичтерге таандык акчаны кайтарып алууда


Виктор Янукович
Виктор Янукович

Украинада мурдагы президент Виктор Янукович жана анын жакындарына таандык 1.5 миллиард долларды өлкөгө кайтара баштады. Бул тууралуу учурдагы президент Петро Порошенко элге кайрылуусунда билдирди.

“Бул акча украин элинен уурдалган. Ар бир украиналыктын чөнтөгүнөн уурдашкан”, - деди Порошенко өз кайрылуусунда.

Өлкөнүн Коопсуздук жана коргоо кеңешинин маалыматы боюнча, кайтарылган акча сот чечиминин негизинде мамлекеттик «Ощадбанк» банкына сакталууда.

Кеңештин төрагасы Александр Турчинов 1,5 миллиард доллар өлкө бюджетине которуларын билдирди.

Украинанын мурдагы бийлиги өлкө казынасынан канча акча уурдаганы боюнча так маалымат жок. 2014-жылы апрелде Украинанын Башкы прокуратурасы Янукович башкарып турганда анын командасы 100 миллиард долларга жакын каражатты өз пайдасына колдонгонун билдирген.

Мындан соң Швейцария Виктор Янукович жана ага жакын 19 адамдын банктык эсебин жапкан.

XS
SM
MD
LG