Бишкекте “Мага баары бир эмес” урааны алдында жарандык форум өтүүдө. Эки күндүк
иш-чарада жаштардын коомдогу, саясаттагы орду талкууланат. Талкууга катышкан эксперттер жана жарандык активисттер Кыргызстанда жаштар чечүүчү күч эмес, шайлоолордо курал болуп колдонулуп жатканын айтышты.