Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:31

Чек арасыз кабарчылар: Дүйнөдө сөз эркиндиги начарлады


2017-жылга карата сөз эркиндигинин индекси
2017-жылга карата сөз эркиндигинин индекси

"Чек арасыз кабарчылар" уюму 26-апрелдеги кезектеги баяндамасында сөз эркиндигинин глобалдык көрсөткүчү эч качан азыркыдай болгон эместигин, буга чейин болуп көрбөгөндөй коркунучта экендиги айтылат. Ага авторитардык режимдер менен катар демократия үлгүсү деген өлкөлөр да салым кошуп жатканы айтылат.

Парижде жарыяланган "Дүйнөдөгү пресса индекси" деп аталган баяндама өткөн жылдагы 180 өлкөдөгү сөз эркиндигин изилдеген. Анда медиа абалы "дурус" жана "жетишерлик дурус" делген өлкөлөр бир жылда эле кыскарган. Тизмеде такай алдыда жүргөн Европанын түндүгүндөгү мамлекеттер да кыйла ордун жоготушкан.

"Медиа эркиндигин дайыма өз түзүлүшүнүн негиздеринин бири деп эсептеген демократиялуу өлкөлөр тескери кетпей, калган дүйнөгө үлгү бойдон калышы керек" - деди "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун баш катчысы Кристоф Делоар.

АКШ эки орун артка жылып, 43-орунга түшкөн. Буга былтыры шайланган президент Дональд Трамптын ММК жана журналисттер менен кайым айтышы, маселен аларды "дүйнөдөгү эң арамзалар", "жалган жаңылык" таратуучулар деп аташы сөз эркиндигин коргоо боюнча америкалык салтты коркунучка кептейт дейт уюм.

Рейтингде сөз эркиндиги "начар" дегенге Орусия (148), Казакстан (157), Тажикстан (153) кирет. Кыргызстан былтыркыдан төрт орун артка кетип, 89-позицияда жана "көйгөйлүү" өлкөлөрдүн тизмесинде. Ал эми Өзбекстан (169) менен Түркмөнстан (178) сөз эркиндиги "өтө начар" деген тизмеде кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG