Бүгүнтөн тарта Бишкек – Кара-Балта, Кара-Балта – Бишкек темир жол каттамы иштей баштады. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ачылган бул каттам жүргүнчүлөрдү суткасына эки жолу ташып турарын “Азаттык” радиосуна «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат катчысы Эркин Кайымов билдирди:
- Максат – Бишкек – Кара-Балта автомобиль жолунда реабилитация иштери жүрүп жатканына байланыштуу жүргүнчүлөрдү поезд менен ташуу. Суткасына Бишкектен эки жолу чыгып, кайра Кара-Балтадан эки жолу келет.
Билет баасы чоңдор үчүн 26 сом, балдарга 9 сом. Жөнөө убактылары «Кыргыз темир жолунун» расмий сайтында келтирилген.
Өткөн аптада Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияда өкмөттүн 2016-жылдагы отчету талкууланып жатканда борбор шаар менен Кара-Балтаны байланыштырган унаа жолду оңдоо долбоору тууралуу сөз болуп, жүргүнчүлөрдүн каттоосу боюнча маселе көтөрүлгөн. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бул маселе өкмөттүн көзөмөлүндө экенин айтып, тиешелүү мекемелерге тапшырма берилерин убада кылган. (RK)