Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:54

Махмуд Ахмединежад президенттик шайлоого катышпай калды


Махмуд Ахмадинежад
Махмуд Ахмадинежад

Иранда алты киши президенттикке талапкер катары бекитилди. Алардын арасында учурдагы президент Хасан Роухани жана эскичил диниятчы Эбрахим Раиси бар. Жергиликтүү маалымат каражаттары, экс-президент Махмуд Ахмадинежад талапкерлер тизмесине кирбей калганын жазышты.

2005-2013-жылдары өлкөнү башкарып турган Ахмадинежад талапкер катары 12-апрелде каттоодон өткөн. Бирок Ирандагы шайлоолорду өткөрүү штабы аны акыркы тизмеге киргизген жок.

Тышкы саясатта Ахмадинежад консервативдүү көз карашты карманып, АКШнын ошол кездеги президенти Жорж Буштун администрациясын катуу сындап келген. Ошондой эле Иран-Орусия байланышын бекемдөөнү колдогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG