Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети бүгүн,18-апрелде өкмөттүн 2016-жылдагы иши жөнүндө отчетун укту. Жыйында биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев баяндама жасады.
Анын айтымында, өткөн жылы экономикалык өсүш 3,8 пайызды түзүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 40 пайыз инвестиция тартылган. Экспорттун көлөмү 5.1 пайызга көбөйгөн.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар курулуш тармагын өнүктүрүү, жол долбоорлорун жүзөгө ашыруу, Кыргызстандын эл аралык жарандык авиациясынын "кара тизмесинен" чыгышы, эл аралык жана башка рейтингдерде өлкөнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу маселелерин көтөрүштү. Соңунда өкмөттүн былтыркы жылдагы иши боюнча отчету канааттандырарлык деп табылды.
Өкмөттүн 2016-жыл үчүн отчетун 17-апрелде парламенттеги көпчүлүк коалиция колдогон. Аны премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баяндап, 2016-жылы өкмөттүн программасы 90 пайызга аткарылганын билдирген.
Cооронбай Жээнбековдун премьер-министрлик кызматка келгенине 13-апрелде туура бир жыл болду. (NT)