Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөсү Сапар Аргымбаев 18-апрелде Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, жогорку инстанциялар "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен соттолгон оппозициячыларга өкүмдү өзгөртпөсө, БУУнун Адам укуктарын коргоо комитетине кайрылуу жолдонот.
Саясий туткундарды коргоо комитети былтыр сентябрда Бишкекте түзүлгөн. Анын мүчөлөрүнүн бири Зулфия Марат бүгүнкү маалымат жыйында учурда Кыргызстанда 25 саясий туткун бар экенин кабарлап, аларды бошотууну талап кылды.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде "бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деп камакка алынган Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу камаган. Бийлик алар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенгенин айткан. Өздөрү жана жергиликтүү жарандык алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттогонун белгилеп келишет. Соттолгон төртөөнөн тышкары Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматов да жогоркудай кине менен камакта отурушат. Алардын соту аяктай элек. (NT)