Башкы прокуратура Бишкектин Ленин райондук милиция бөлүмүнүн тергөөчүсүнө кылмыш ишин козгоду. Ал жергиликтүү жарандан пара алган деп шектелүүдө.
Башкы көзөмөл органы 10-апрелде Кылмыш кодексинин "кызматтык абалынан аша чабуу", "пара талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш ишин ачты. Иш өкмөт алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлдү. Аталган мекемеге 10-апрелде баласына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн тергөөчүнүн 45 миң сом сураганын айтып, бишкектик тургун кайрылган.
11-апрелде милиция кызматкери 18 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. (NT)