Футболчуларды түйшөлткөн оюн талаасы
Бишкектин борборундагы "Спартак" стадионунун курулганына 80 жыл болду. Эл аралык беттештер өтүп жүргөн талаа да, стадиондун инфраструктурасы да ФИФАнын талабына жооп бере алышы күмөн. Эгер ФИФАнын комиссиясы "жарабайт" деген тыянак чыгарса, Кыргызстан футбол талааны коңшу өлкөлөрдөн ижарага алууга аргасыз болот. (Видеону "Азаттыктын" практиканты Элвира Акимова даярдады)