Сирия президенти Башар Асаддын администрациясы АКШнын аба соккуларын айыптап, аны "жоопкерчиликсиз кадам" деп мүнөздөдү.
Сирия армиясы 7-апрелге оогон түнү жасалган ракета соккуларынан алты аскер мерт болгонун, өлкө батышындагы Шайрат аба базасына ири зыян келгенин кабарлады. SANA мамлекеттик жаңылыктар агенттиги аба базанын жанында тогуз адамдын өмүрү кыйылганын, алардын төртөө балдар экенин жазды.
Пентагон бул база химиялык куралдарды сактоо үчүн колдонулат деп билдирген.
АКШ Сириядагы алты жылдан ашкан согушта биринчи жолу президент Башар Асаддын күчтөрүнө түз сокку урду. Президент Дональд Трамп апта башындагы 85тен ашуун адамдын өмүрүн алган химиялык чабуул боюнча президент Асаддын өкмөтүн күнөөлөдү.