Кыргызстанда 2001-жылдан бери дайынсыз жоголуп, табылбай жаткан 36 өспүрүм бар. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бүгүн парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Анын айтымында, изделип жаткандардын 24ү эркек, 12си кыз.
2016-жылы Кыргызстанда ар кандай себеп жалпы менен 686 бала жоголуп, алардын 650сү аман-эсен табылган. (SE)