Жогорку Кеңеш бүгүн «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап жатат. Бул документте диний мүнөздөгү террордук уюмдардын тизмесин коомчулукка жайылтуу маселеси жазылган. Аны Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети экинчи окууда жактырган.
Кыргызстанда 20 уюмду сот террордук деп таап, ишмердигине тыюу салган. Тизме тиешелүү органдарга гана берилген. Жаңы мыйзам ошол маалыматтарды өкмөттүк гезит-журнал, телерадио аркылуу эл арасында жайылтууга бийликти милдеттендирет.
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров тыюу салынган уюмдардын гана эмес, аларга байланышы бар адамдардын аты-жөнүн элге жарыялоону сунуштады.
Мыйзам долбоорун депутаттар Каныбек Иманалиев, Алмасбек Акматов, Жаныбек Бакчиев жана Эмил Токтошев даярдаган. Документ үчүнчү окууга жөнөтүлдү.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Ирак жана Сириядагы террордук топтордун катарына кошулуп кеткен кыргызстандыктардын саны 600гө чамалуу. (SE)