Ооганстандын Гилменд провинциясында жекшемби күнкү кокустуктан бир үй-бүлөнүн кеминде тогуз мүчөсүнүн өмүрү кыйылды. Расмий өкүлдөр билдиргендей, аскерлер провинциянын түштүгүндө табылган жардыргыч заттарды жок кылып жатканда бир үйдүн шыбы урап, ичиндеги адамдарды басып калган.
Гилменд провинциясынын губернатору Хаятолла Хаят дагы бир адам урандылардын арасынан чыгарыла электигин айтты. Бирок ал бул окуяга аскерлердин аракети себеп болду деген маалыматты азырынча тастыктай албастыгын белгиледи.
Ооганстандын бул провинциясынын басымдуу бөлүгүн талип согушкерлери көзөмөлдөйт.