Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

"Ата Мекен" Жапаровдун окуясын кылдат иликтөөгө чакырды


"Ата Мекен" фракциясы экс-депутат, 26-марттан бери №1 тергөө абагында кармалып турган Садыр Жапаровдун бүгүн таңга маал №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилгени боюнча билдирүү таратты. Анда бул окуя мамлекеттик мекемеде кармалып турган адамдардын коопсуздугу камсыздалбасын көрсөткөнү белгиленген. "Ата Мекен" бул нерсе саясатчыга карата жасалган кыйноолордон жана психологиялык басымдан улам болушу ыктымал деген да кабатырлануусун кошумчалаган. Кайрылууда бул окуяга бардык мамлекеттик органдар, Акыйкатчы институту, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор токтоосуз кийлигишүүсү талап кылынган.

"Прокуратура бул окуя боюнча кылдат иликтөө жүргүзүп, ага жол берген кызматкерлерди жоопко тартууга тийиш. Саламаттыкты сактоо министрлиги көз карандысыз эксперттердин катышуусунда мекемелер аралык комиссия түзүп, Садыр Жапаровдун жана УКМКнын тергөө абагында отурган башка адамдардын саламаттыгын текшерүүсү керек" деп белгиленет кайрылууда.

Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган Садыр Жапаров 2-апрелде таңга жуук №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилгени маалым болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тараткан маалыматка караганда, Садыр Жапаров өзү кан тамырларын кесип алган жана 47-колониянын санитардык бөлүмүндө анын жарааттары тигилген. Аталган кызмат Жапаровдун абалы жакшы экенин, адвокаттары кирип жолукканын, болгону камактагы жакындарын бошотууну суранганын билдирген.

Жапаровдун жакындары анын кан тамырын кесип салышына ишенбесин билдиришип, бул окуянын кылдат иликтенүүсүн талап кылышууда.

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү Кыргызстанга келгенде, кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Атайын кызмат тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаганын, мунун негизинде Жапаровго "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун жарыялаган.​

Алгач УКМКнын тергөө абагына камалган Садыр Жапаровду 26-мартта Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганча Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

Ал эми 25-мартта Жапаровду колдогон УКМКнын имаратынын жанындагы митингде кармалган 105 кишинин 64ү эки суткадан беш суткага чейин камалып чыккан. Андан тышкары Жапаровдун агасы, баласы баштаган он эки адам соттун чечими менен эки айга тергөө абагына камалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG