Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Донбасстагы жаңжалды токтотуу боюнча тынчтык келишими бузулганы айтылууда


Айыпты тараптар бири-бирине коюп жатышат. Украин аскерлери 1-апрелде ок чыгарбоо тууралуу келишимдин шарттарын аткарып жатканын, ал эми каршылаш тарап аны ондон кем эмес жолу бузганын билдиришти. Жикчилдер ишембиге караган түнү украин аскерлери тараптан Калиновка кыштагы аткыланганын маалымдашты.

Азырынча набыт болгондор жана жараат алгандар тууралуу маалымат жок.

Ок атышпоо тууралуу тынчтык келишимине тараптар 19-мартта Минскиде Донбасстагы тынчтык тескөөчү байланыш тобунун жыйынында жетишкен. Анда 1-апрелден тарта ок атышпоо, 6-апрелден тарта Луганскидеги Станицада каршылашкан тараптардын күчтөрүн таратууну баштоо тууралуу айтылган.

XS
SM
MD
LG