Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

Кыргыз депутаттары Крым жетекчилиги менен жолукканы айкын болду


Крым жарым аралын Орусия менен туташтырат делген Керчь көпүрөсүнүн курулушу
Крым жарым аралын Орусия менен туташтырат делген Керчь көпүрөсүнүн курулушу

Орусия аннексиялап алган жарым аралдын парламент жетекчилиги 20-мартта кыргызстандык депутаттар менен жолукканын Крымдын мамлекеттик кеңешинин сайты жазып чыкты.

Анда вице-спикери Ремзи Ильясов чет өлкөлүк саясатчы, депутаттардын катарында Ирина Карамушкина жана Марат Аманкулов менен жыйын өткөргөнү жарыяланды.

Сүйлөшүүдө Крымдын Орусиянын аймагы катары легитимдүүлүгү, Крым-татарлары тууралуу сөз болгон.

Буга чейин депутат Карамушкина жарым аралга жеке сапары менен барышканын, чыгымды Марат Аманкулов каржылаганын билдирген. Аманкулов муну бышыктап, ал жакта жергиликтүү эл менен жолугуп, ал-абалын сураганы менен саясий билдирүү жасабаганын айткан.

Кыргыз коомчулугунда социал-демократ депутаттардын сапары кызуу талкууланып, Карамушкинанын Фейсбукка "Кыргыз депутаттары Крымда болду. Демек Крым – биздики дагы” деп жазганы сынга алынган.

27-мартта Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык билдирген.

Жарым аралды 2014-жылдын мартында Орусия өзүнө каратып алган. БУУнун Крымдын Украинадан ажырашын мыйзамсыз деген резолюциясын жүздөн ашуун өлкө колдогон. Кыргызстан добуш берген эмес.

XS
SM
MD
LG