Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Милиция Садыр Жапаровдун тарапкерлерин бошотту


Садыр Жапаровду жактаган митингдеги кармалган адам. 25-март
Садыр Жапаровду жактаган митингдеги кармалган адам. 25-март

УКМК имаратынын алдындагы митингде милиция тарабынан кармалып, шаардык кабыл алуу жана бөлүштүрүү жайына камалган Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин баары 30-март күнү кечинде бошотулду.

Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Митингчилерди жакын туугандары тосуп алганы тартылган видеолор интернетке жарыяланды. Арасында мурдагы депутат Садыр Жапаровдун баласы Ренат да бар.

ИИМ шаардык милицияда кармалган 65 адамдын үчөө буга чейин мөөнөтүн өтөп чыкканын, калганы 30-мартта бошотуларын маалымдаган.

25-мартта оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровду колдоп, УКМК алдында өткөн нааразылык акция маалында жалпы 105 адам кармалган болчу. Жапаровдун агасы, баласы баштаган он эки адам соттун чечими менен эки айга тергөө абагына камалган. (NT)

XS
SM
MD
LG