Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

Алмаз Үсөнов "Ата Мекендин" жазган арызы боюнча жооп кайтарды 


Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов "Ата Мекен" партиясынын юристтеринин сотко кайрылуусу боюнча жооп кайтарды.

- “Атамекенчи” депутаттардын мындай аракетин – долулук катары карасак болот. Алар сотко кайрылып, кезектеги заарын чачып жатышат. Текебаевдин юристтери үчүн бул жүрүш жаңылык деле эмес да. Укук коргоо органдары “атамекенчи” депутаттардын катышы бар кылмыш иштерин ача баштады, бул, албетте, алардын активдешүүсүн шарттайт. Жакынкы аралыкта коомчулук алардын буга чейинки кызыктары тууралуу билет, булардын корккону ошол, - деп жазды Алмаз Үсөнов Фейсбуктагы баракчасына.

Бүгүн “Ата Мекен” партиясынын катчылыгы билдирүү таратып, юристтер УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин жана президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылышканын маалымдаган.

Арызды депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова бирге жазганы айтылган.

Маалыматка караганда, доо арыз УКМК төрагасынын “үч депутаттын Белиздеги офшордук компанияга тиешеси бар” деген сөзү жана ал кабарды президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү ЖМКларга таратканы үчүн эл өкүлдөрүнүн ар намысын коргоо максатында берилген.

Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова жоопкерлерден моралдык зыян үчүн компенсация өндүрүүдөн баш тартты. Ошол эле учурда Өмүрбек Текебаев моралдык зыяндын өлчөмүн 60 миллион сомго баалады.

Ал эми УКМКдан сотко берүү же бербөө маселеси ар бир партиянын өз иши жана ага мыйзам боюнча эч ким жолтоо боло албайт деп билдиришти.

2016-жылы ноябрда УКМК Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөн, муну Белиз өлкөсүнөн алынган документтер ырастады деген маалымат жарыялаган болчу. Аталган депутаттар ал маалыматтар ырасталбаганын билдиришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG