Киши колдуу болгон подполковник жерге берилди
Ошто киши колдуу болгон милиция кызматкери Таирбек Уларовдун сөөгү өзү туулган Жапалак айыл аймагында жерге берилди. Маңзаттарга каршы күрөшүү кызматында иштеген подполковникти белгисиз жарандар шаар четинде өлтүрүп кетишкен. Окуяга шектелип төрт адам кармалган. Кылмышка подполковниктин кызматтык иши байланышы барбы же жокпу азырынча белгисиз.