Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

17-марттын аба ырайы


Жаз.
Жаз.

Жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда
жана жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Жолдорго
кар күрткүсү топтолуп, муз тоңот. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш. Мындай кырдаал ушул апта соңуна чейин сакталат.

17-мартта кээ бир райондордо, тоолуу аймактарга кар жаайт. Тоолуу жолдорго кар күрткү топтолуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +2 ... +7,

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2 ... +7,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5...+10,

Баткен облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5...+10,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз +2...+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17 , күндүз 0...-5,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -7...-12 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жок, түштөн кийн жамгыр жаашы мүмкүн. Түндө -0…-2, күндүз +5…+7 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG