Владимир Кара-Мурза Орусияга кайтып келип, бийликке каршы оппозициялык ишмердүүлүгүн улантмакчы. АКШнын CBS телеканалына 12-мартта чыккан маегинде Кара-Мурза “мен Орусияга сөзсүз кайтамын” деген.
Кара-Мурзанын жакындары жана достору ал акыркы эки жылда эки жолу атайын ууландырылды деп шектеп жатат.
Кара-Мурза АКШ мыйзамчыларынын алдында сүйлөп, Орусия бийлигине жана маалымат каражаттарынын жетекчилерине санкция салууга чакырган. Ал ошондой эле 2015-жылы атылып өлтүрүлгөн Борис Немцовдун жана Михаил Ходорковскийдин пикирлеши болгон. АКШ сенатору Жон Маккейин Кара-Мурза атайын ууландырылган деп 7-февралда билдирген. (AiT)