Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

КСДП Рита Карасартованы сотко берди


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Бул тууралуу "Азаттыкка" жарандык активист Рита Карасартова билдирди. Анын айтуусунда, партиянын атынан Свердлов райондук сотуна доо арыз берилип, "ар-намысын жана абийирин коргоп берүүсү" соттон суралган:

- Мага бүгүн соттон 10-мартта болуучу соттук жараянга чакыруу кагазы келди. Ал жерде доогер "КСДП саясий партиясынын ар-намысын жана абийирин коргоо" иши боюнча деп жазылып жүрөт. Эмне себептен партия мени сотко бергени түшүнүксүз. Бул боюнча учурда биздин юристтер иштеп жатышат.

Рита Карасартова 10-март күнү сотко баралбасын, бул тууралуу Свердлов райондук сотуна маалымдаганын да кошумчалады.

Социал-демократтар партиясы бул маалыматты ырастады. Партиянын юристи Таалай Усубалиевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, КСДПнын ар-намысын жана абийирин коргоп берүү өтүнүчү менен сотко доо арыз "24кг" маалымат агенттиги менен Рита Карасартованын үстүнөн берилген. Партия бул үчүн агенттик менен активисттен моралдык чыгым өндүрүп алууну да көздөөдө. Бирок азырынча анын суммасы аныктала элек. Усубалиевдин айтуусунда, "24кг" маалымат агенттигине Рита Карасартова маек куруп, партиянын абийирине шек келтирген сөздөрдү айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG