Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Беларус: "Жатып ичерлерден" салык алуу бир жылга токтотулду


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Беларуста эч жерде иштебегендерден салык алуу боюнча мыйзам бир жылга токтотулганын президент Александр Лукашенко билдирди. Бул тууралуу БЕЛТА агенттиги кабарлайт.

Өлкөдө иштен качып, бекерчиликке көнгөндөргө каршы киргизилген декрет “жатып ичерликке салык” деп эл оозуна алынып, талаш-тартыш жараткан.

Лукашенконун айтуусунда, мыйзам таптакыр жокко чыгарылбайт, бирок айрым түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.

“Жатып ичерлерден” алынчу салык 2015-жылдын апрелинде киргизилген. Ага ылайык, эч бир жерде иштебеген адам кыргыз акчасына которгондо 12 миң сомдон ашуун салык төлөөгө милдеттендирилет. Буга каршы Минскиде жана башка беларус калааларында нааразылык акциялары өткөн. Алар декрет жумушсуздардын укугун бузарын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG