Тажикстандын Хатлон облустук соту 26 жаштагы жергиликтүү тургунду террорчулукка үндөөгө күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратты.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, соттолгон адам Москвада жүргөндө «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү менен байланышта болуп, 2016-жылдын аягында мекенине кайтып келгенде кармалган.
Ал социалдык түйүндөрдүн бирине «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун идеясына үгүттөгөн 20дан ашык тасманы жайгаштырып, бир нече тажикстандык өспүрүмдү азгырып, террордук топтун катарына тартканы аныкталган.