Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Вашингтон Киевди колдоону улантат


Вашингтон Орусия агрессиясына каршы күрөштө Украинаны колдоону улантат. Бул тууралуу Украина тышкы иштер министри Павел Климкин АКШ мамлекет катчысы Рекс Тиллерсон менен жолугушуудан соң билдирди.

-Биз өз ара карым-катыш жана жакын келечекте Орусия агрессиясына каршы кызматташууну сүйлөштүк, - деди Климкин.

Тараптар 7-мартта Вашингтондо жолугушту. Бул сүйлөшүү Украина жана Батыш мамлекеттери президент Дональд Трамп Орусияга карата саясатты жумшартышы мүмкүн деп тынчсызданып жаткан учурга туш келди.

АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Марк Тонер шейшембиде бул маселеге комментарий берип жатып:

-Москва Украинанын чыгышы жана Крым боюнча саясатын өзгөртмөйүнчө Орусияга киргизилген санкциялар күчүндө кала берет,- деп билдирди.

XS
SM
MD
LG