Кытайга жүк алып келүү максатында барып, бирок Улуу-Чат аймагында бир апта кармалып турган кыргызстандык айдоочулар жерине кайтып келишти. Ош шаарындагы Жүк ташуучулар бирикмесинин төрагасы Иса Сулайманов билдиргендей, 27-февралда кармалган айдоочулар Кыргызстанга 5-мартта келишти.
Алар чек арадан, бажы текшерүүсүнөн өтүүдө эч кандай тоскоолдукка учурашкан эмес. Бирок Кытайдын Транспорт инспекциясы өлкөгө кирүүгө уруксат бербей койгон. Кытай тарап жүк унааларына темир контейнер орнотууну, күндөн сактоочу тент материалы менен жабуу керектигин эскерткен. Айдоочулар буга чейин мындай талап болбогонун, кыргыз өкмөтү маселени чечүүгө жардам бериши керектигин белгилешүүдө.
Кыргызстандык айдоочулар буйрутма менен Кытайдан жүк ташып иштешет. (YI\SE)