Синоптиктердин маалыматы боюнча, 7-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жамгыр жаабайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7 градус төмөндөп, күндүз 2...7 градуска жылыйт. Таласта түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз 2...7 градус жылуу болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 4...9 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8 градуска чейин төмөндөп, күндүз 1...6 градус жылуу болот. Нарын областында түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...-7 градус суук болот.
Борбор калаа Бишкекте 7-мартта жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4 градус суук, күндүзү 4...6 градус жылуу болот.