Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

ФБР Трамптын тыңшоо боюнча билдирүүсүн иликтөөнү өтүндү


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Иликтөө өтүнүчү АКШнын Юстиция министрлигине жолдонду. Президент Дональд Трамп ал талапкер катары шайлоо өнөктүгүн жүргүзүп жаткан учурда президент Барак Обама анын телефонун жашыруун тыңшоого буйрук бергенин билдирген.

"Нью-Йорк таймс" гезитинин 5-марттагы маалыматы боюнча, ФБРдын директору Жеймс Коми ФБР мыйзамды бузуу менен тыңшоо жүргүздү деген калп маалыматты Юстиция министрлиги иликтеп, чекит коюш керек деген пикирде болуп жатканын АКШнын жогорку даражалуу расмий кызматкери маалымдаган.

ФБРдын кызматкерлерин Юстиция министрлиги көзөмөлдөйт. Министрлик азырынча эч кандай билдирүү менен чыга элек. Президент Дональд Трамп анын телефондорун тыңшоону иликтөөнү Конгресске сунуштады. Барак Обаманын маалымат катчысы Трамптын тыңшоо тууралуу билдирүүсүн “жөн эле калп” деп атады.(AiT)

XS
SM
MD
LG