Кыргызстанда 5-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жок. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -23…-28, күндүз -8…-13;
Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз 1…6;
Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6;
Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -5…-10 градус суук болот.
5-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6, күндүз 2…4 градуска чейин жылыйт.