Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

3-мартта "Алп манасчы" китеп көргөзмөсү ачылат


"Манас" эпосуна тартылган Теодор Герцендин сүрөтү.
"Манас" эпосуна тартылган Теодор Герцендин сүрөтү.

Китеп көргөзмөнү белгилүү манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган "тегерек үстөл" жыйыны коштойт. Китеп көргөзмөгө "Манас" эпосунун түрдүү варианттары, анын ичинде Сагымбай Орозбаковго таандык варианты, манасчы тууралуу макалалар жана сүрөттөр коюлат.

Иш-чара Улуттук китепканада өтөт. Ага маданият кызматкерлери, манасчылар, акын-жазуучулар катышат.

Сагымбай Орозбаков Ысык-Көлдүн жээгиндеги Кабырга өрөөнүндө туулган. Тогуз жашынан тартып араб тамгасын үйрөнгөн. Он беш жашынан тартып "Манас" айта баштаган. Эпостун анын айтуусундагы варианты 1922-жылы эл оозеки чыгармаларын жыйноочулар Каюм Мифтаков жана Ыбырай Абдрахманов тарабынан жазылып алынган. Төрт жыл ичинде окумуштуулар Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда "Манас" үчилтигинин биринчи китебин жазышкан, китеп 180 миң саптан ашуун. Калган бөлүктөрү манасчынын оорусуна байланыштуу жазылбай калган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG