Франциянын апелляциялык соту Косовонун мурдагы премьер-министри Рамуш Харадинайды экстрадициялоо боюнча чечим чыгарууну 6-апрелге калтырды. 1998-99-жылдары Косовдогу согуш маалында талаа командири болгон Харадинайды Сербиянын өтүнүчү менен 4-январда Францияга учуп келгенде кармашкан. Белград аны мурдагы провинция Косоводо козголоңчуларды жетектеген согуш кылмышкери деп санайт. 1998-99-жылдары сербиялык аскерлер менен Косоводогу албан согушкерлери ортосундагы уруш НАТОнун аба соккуларынан кийин токтогон. Жаңжал 13,5 миңдей кишинин өмүрүн алып кеткен, көбү этникалык албандар болчу. 2008-жылы калкынын басымдуу бөлүгү албандар болгон Косово бир тараптуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялаган.
Харадинай болсо “саясий барымтага” алынганын айтып, укуктук жактан өзү эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт.